Жубайлардын мамилесинин 6 түрү, сиз кайсынысына киресиз?

16 сентябрь 2021 15:40 5009 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кайсы гана жуптар болбосун өз ара төмөнкүдөй мамиле курушат. Алар  тууралуу бүгүн психологдун маалыматына таянуу менен barometr.kg маалымдап бермекчи. Ага көз жүгүртүп, өзүңүздүн мамилеңиз кайсы түргө кирерин аныктап алсаңыз болот.

1.Өз ара өнүгүү

Эки адам бири-бирине кызыкдар болгон учурда алар бири-бирине көмөктөшө баштайт, экөө тең руханий жана эмоционалдык планда бири-бирин толуктап, өстүрүп, өнүктүрүп турушат.

Эгерде жубайыңыз менен ушундай мамиледе болсоңуз куттуктайбыз, сиздердин нике бекем, кызыктуу жана бактылуу болмокчу.

2.Тынчтыктагы сүйүү

Бири-бириңерди көз караш менен гана түшүнүп турсаңыздар, бул жубайлардын өздөрүн толук сыйлаарынан кабар берет. Алар көп сүйлөшпөсө дагы жарты ооз сөз менен баарын жайгарып, өз ара гармонияда жашашат.

Мындай мамилеге жетиш үчүн көп эмгек талап кылынат, ошентсе дагы толук түшүнгөн жубай менен жашоо эки тарапка тең ырахат гана алып келет.

3. Эсеп

Бул мамилени жаман деп да, жакшы деп да айтууга болбойт.Мындай мамиле болгону адамдардын өз максаттарын ишке ашырыш үчүн түзүлөт.Бирок жаман жагы ар кимиси өз максаттары менен каалоолоруна жеткенден кийин жуптар эки бөлөк жолго түшүшү мүмкүн.

4. Тажрыйба

Бул мамиле жубайлардан болсо абдан начар көрүнүш. Мындай учурда алардын бири экинчисин толук өзүнө ылайыктуу кылып тарбиялап чыгам деп жылдар бою аракет кыла берет, натыйжасында мындай никенин 98 пайызы ажырашуу менен аяктайт.

5. Кол үзө алышпагандар 

Бул дагы мамиледеги начар байланыштардын бири. Эки тарап эки айрылыш жолго түшсө дагы, алар кайра көндүм адаттар боюнча бир боло беришет.

Көбүнчө бул мамиле жуптар бири-бирине катуу таарынып ажырашкан учурда келип чыгат. Бир нече убакыттан кийин алар кайра жарашат.Бирок таарынычтар, уруш-кериштер кайра кайталана бериши толук мүмкүн.Урушуп-талашышат, бири-бирин алдашат, бирок кайра эле мамилени үзө алышпайт же чогуу жашай алышпай кыйналышат.

6. Мелдешүү

Мындай мамилердин аягы дагы жакшылыкка алып барбайт. Эки жуп бирине-бири жөлөк-таяк болгондун ордуна “сен андай кылсаң, мен мындай кылам” деген сыяктуу атаандашуу жолуна түшүп алышат.Акыры соңу эч кимиси жеңе албай мамилер өкүнүч менен аяктайт.

“Сүйүү күн сайын куруп туруучу имарат” деп айтылгандай, күн сайын мамиленин үстүнөн иштеңиз, сиздерде баары жакшы болот.

Ссылка: https://barometr.kg/zhubajlardyn-mamilesinin-6-tr-siz-kajsynysyna-kiresiz



Добавить комментарий