Байлыкка жетиш үчүн күнүгө кайталай турган 5 кадам
Финансисттер бул аракеттерди дайыма кайталсаңыз каалаган каржылык чекке жетесиз деп эскертишкен.Бүгүн barometr.kg сиздерге алар тууралуу сунуштайт.
1.Билим алуу
Эң эле таасирдүү жана бай адамдар ар дайым жаңы нерселерге үйрөнүп окуп турушат.Анткени дүйнө дагы бат эле өзгөрүп турат эмеспи. Байлар эмне үчүн окушат? Алар жашоо агымынан калбай, жашоо тамырын кармап, баардык өзгөрүүлөрдү өз пайдасына иштетип акчага айландырыш үчүн билим алып, окуп турушат. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын 85 пайызы айына эң аз дегенде 2 китеп окуй турганы белгилүү болгон.
Окугуңуз келбесе аудиокитептер менен подкасттар жардамга келет.
2. Соодалашуудан качпаңыз
Ким баарынан көп соодалашарын билесизби? Дүйнөнүн жарымын акчасына сатып алып кое турган байлар. Соодалашуу-бул сүйлөшүү жөндөмүн арттырат. Ишкерлер бул ар дайым соодашканды мыкты өздөштүрүшкөндөр болот.Баш тартып коюшса эч нерсе эмес, болгону өтүнүчтү кайра башкача формулировкаласаңыз болот.
3.Эртең менен эрте туруу
Эртең мененки сааттарды эң маанилүү нерселерге спортко, китеп окууга, пландоого, өзүңүздү кароого жумшасаңыз болот.Эрте турган адам көп нерсени жасап үлгүрөт жана албетте көп стрессти алдын алат.
4. Тааныштарды көбөйтүңүз
Ишкерлердин визитка салгычы жана телефону тааныштарынын, шериктештеринин, кардарларынын номерлерине толгон. Байлар пайдалуу байланыштарга ставка койгонду билишет.
Тактап айтканда ишкерлер үчүн ар бир тааныш-бул пайдалуу тааныш. Ал кишинин жөндөмү кайсы бир нерсеге шыгы болушу мүмкүн, же ал сизди маанилүү адамдар менен тааныштыра алат.Биздин айланабыз көп учурда ар кандай турмуштук жагдайларга жардам берүүчүлөрдөн турат. Каржылык жактан камсыз болгон адамдар муну ар дайым билишет.
5. Буга чейин жасабаган нерсени жасоо
Өзүңүзгө тааныш чөйрөдөн жана тааныш нерселерди жасагандан чыгуу абдан пайдалуу.Биринчиден жаңы өзгөрүү бул дайыма тобокелдик. Ал эми тобокелдикке барбаган учурда мүмкүндүктөр дагы таптакыр болбой калышы мүмкүн.Ошондуктан ыңгайлуулук зонасынан ар дайым чыгып туруңуз!
Ссылка: https://barometr.kg/bajlykka-zhetish-chn-kng-kajtalaj-turgan-5-kadam
Добавить комментарий ×