«Асыл Айымдар Фонду» каржылык пирамидасын уюштургандар кармалды

24 июль 2021 12:26 1518 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 «Асыл Айымдар Фонду» каржылык пирамидасын уюштургандар кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Буга чейин милицияга Чүй областынын жана Бишкектин тургандары кайрылып каржылык алдамчылыктын курмандыктары болушканын айтышкан. Алар WhatsApp аркылуу жакырчылык менен күрөшөбүз делген «Асыл Айымдар Фонду» тууралуу билишкен. Аялдар көп кишини уюмга кошуп берсеңер акчалай жана буюм түрүндөгү сыйлыктарды беребиз деп убада кылышкан. Акчаны номерлерине котортуп алгандан кийин качып кетишкен.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын оперлери 1986-жылы туулган Б.Ч., жана 1974-жылы туулган Б.Мны кармашты. Аялдар убактылуу кармоочу жайга камалды.

Бул аялдардын алдамчылыгынан жабыркагандар болсо 0 (552) 102-361, 0 (705) 270-903, 0(702) 472-225, 0(702) 660-006 номерлерине байланышууну өтүнүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/asyl-ajymdar-fondu-karzhylyk-piramidasyn-uyushturgandar-karmaldy



Добавить комментарий