Башкы прокурор: Сетевой маркетинге чара колдонуу керек
Кыргызстанда сетевой маркетинг маселеси абдан актуалдуу болууда жана ошол эле маалда адам укуктары бузулуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Анын айтымында, тармактык маркетинг боюнча Кылмыш процессуалдык кодексинин негизинде чара колдонуу керек.
“Бишкекте дагы мындай маселелер бар. Баарын карап жатабыз”, - деп айтты ал.
«Ата Мекен» фракциясынан депутат Бурун Аманова аталган маселе боюнча алдын алуу иш чараларын жүргүзүүнү күчөтүү зарыл экенин билдирди.
Эскерте кетсек, тармактык маркетингге Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чектөө киргизилген эмес. Депутат айым жана башкы прокурор каржы пирамидасын тармактык маркетингге алмаштырып алышты көрүнөт.
Буга чейин Ички иштер министрлиги Ысык-Көл жана Талас областтарындагы каржы пирамидалары боюнча кылмыштардын бетин ачкан. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад областтарында ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган.
Каржы пирамидасы бул каржылык алдамчылыктын эң эле көп тараган түрлөрүнүн бири.
Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuror-setevoj-marketinge-chara-koldonuu-kerek
Добавить комментарий ×