Талас облусунда прокуратуранын мурдагы кызматкери кармалды

29 июль 2025 12:12 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас облусунда Айтматов милициясы райондук прокуратура менен биргеликте алдамчылыкка шектүү катары прокуратуранын мурдагы кызматкерин кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, Айтматов РИИБге 30 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылганы айтылат. 

"Ал өз арызында 2024-жылдын апрель, май айларында Айтматов райондук прокуратурасында иштеген “Р” аттуу кызматкер Кызыл-Адыр айылынан 5 жана 7 сотых жер участокторун кызмат адамдары менен сүйлөшүп, арзан баада алып берем деп ишеничине кирип, жалпы суммасы 1 млн 26  миң сом акча каражатын алып, жер участогун алып бербей же акча каражатын кайтарбай качып жүргөндүгүн билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Айтматов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси "Алдамчылык" менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Ош шаарынын тургуну 1992-ж.т. С.Р. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, Айтматов райондук сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө С.Р. арыз ээсинен акча алган учурда Айтматов райондук прокуратурасында иштегендиги, 2024-жылдын июль айында иш бөлмөсүндө акча алып жаткан жеринен кармалып, кийин жумуштан кеткендиги белгилүү болгон", - деп айтылат маалыматта.

Аталган жарандан жабыр тарткандар болсо Айтматов РИИБге же төмөндөгү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 03422 5 24 95, 0507 44 87 54, 0707 19 58 20

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/talas-oblusunda-murdagy-prokuratura-kyzmatkeri-karmaldy



Добавить комментарий