Кореядан келген унаанын документин бүтүрүп берүүнү убадалап, ири суммага алдап кеткенге шектүү кармалды

31 январь 2024 09:45 452 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Сууда жарандын Кореядан алынып келинген автоунаасынын документин “бүтүрүп берем” деп  ири суммадагы  акчасын алдап кеткенге шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, милицияга Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 1963-жылы туулган Н.И. аттуу жараны арыз менен кайрылган. 

“Анда жабырлануучу 2023-жылдын 24-декабрь күнү Кара-Суу районунун аймагында өзүн “Султан” деп тааныштырган жаран “Корея өлкөсүнөн алынып келинген унаалардын иш кагаздарын  бүтүрүп беремин”- деген шылтоо менен 9 000 (тогуз миң) АКШ долларын алып, изин жашырып  кеткендигин билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө-амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда бири нече жолу  сот жообуна тартылган,  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турган, жаран 1990-жылы туулган И.И.  кармалып, камакка алынды.

Учурда анын башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.  Уюшкан кылмыштулукка каршы  күрөшүү уланууда”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-zharandyn-koreyadan-alynyp-kelingen-unaasynyn-dokumentin-btrp-berem-dep-iri-summadagy-akchasyn-aldap-ketkenge-shekt-karmaldy



Добавить комментарий