Ашраф Гани талибдер жаңы тарыхый сыноого кабылышарын айтты

16 август 2021 13:34 1299 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Афганистандын экс-президенти Ашраф Гани өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына президенттик кызматтан кеткени жана өлкөдөн качканы тууралуу маалыматты жазганын “Барометр” билдирет.

Афганистандын басып алган талибдерди Ашраф Гани “жаңы тарыхый сыноого кабылышты” деп айтты.

“Алар элдин жүрөгүн ээлей алышкан жок. Эч качан тарыхта күч менен тааныла албайсың жана эч ким дагы сени антип тааныбайт. Алар Афганистандын ар-намысын коргоп кала алышат же болбосо тышкы күчтөргө карашат”,-деп жазды экс-президент.

“Мен адамдар бөөдө өлүмгө учурабасын деп өлкөдөн чыгып кеттим”,-деп жазды Ашраф Гани.

Эскерте кетсек, Афганистандын борбору Кабул шаарында талибандын бийликти тездик менен басып алышынан улам башаламандык жана паника болууда.

“Жүздөгөн адамдар аэропортко топтолуп, өлкөдөн кетүүнүн аракетин көрүп жатышат. АКШ элчиликтеги кызматкерлерин тез арада эвакуациялап алууга шашылып жатат. Калаанын ичи унаа тыгындарына толгон”,-деп билдирген буга чейин CNN телеканалы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ashraf-gani-talibder-zhay-taryhyj-synoogo-kabylysharyn-ajtty



Добавить комментарий