Талибандар эркектерге сакалын алууга тыюу салды

27 сентябрь 2021 17:26 1648 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) эркектерге сакалын кырууга жана барбершопторго барууга тыюу салды, бул диний нормаларга каршы келет. Бул тууралуу Афганистандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясынын маалымат жана маданият башкармалыгынын жетечиси Хафиз Рашид тастыктаганын Ettelaat жергиликтүү басылмасына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Анын айтымында, аптанын соңунда аталган райондо күчүнө кире турган мыйзам Афганистандын баардык аймактарына жайылтылат. Гильменд провинциясында жана ага чейин түштүк-чыгыштагы Кандагар провинциясында музыкага дагы таптакыр чектөө киргизилген.

Буга чейин аталган өлкөдө  көптөгөн эркектердин салондору жана барбершоптору “Талибан” кыймылынын жоочуларынын тоскоолдуктарынан улам жабылганы кабарланган эле.

Ссылка: https://barometr.kg/talibandar-erkekterge-sakalyn-aluuga-tyyuu-saldy



Добавить комментарий