Афганистанда үлпөт тойдо музыка коюшканы үчүн аткылап кетишти

1 ноябрь 2021 11:43 2593 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Афганистандын чыгышында өздөрүн талибанбыз (Кыргызстанда тыюу салынган) деп аташкан куралдуу адамдар үйпөт тойдо музыка коюшканы үчүн  2 кишини атып өлтүрүп, 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу Sky News булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Афганистандын TOLO News  булагынынын маалыматына караганда тойдо үч киши келип кол салгандан кийин эң аз дегенде эки адам өлүм таап, 10 адам жаракат алды. Үлпөт тойдо музыка коюуга үй-бүлө талибдерден уруксат алышкан.

Бирок кечке жуук тойго белгисиз адамдар кирип келишип, музыкалык жабдууларды талкалаганга аракет кылып, каршылык көрсөткөндөрдү аткылашкан.

“Мен жаштар мейли музыка уксун деп айттым, бирок алар мени артка сүйрөп чыгып ок атышты, бир нече эркек жарадар болуп, дагы экөө көз жумду.Тойдо 50дөй киши бар болчу”,-деди той берип жактан үй-бүлөнүн мүчөсү Нур Хазрат.

Бийлик бул окуя боюнча эки киши кармалганын маалымдады.

Ссылка: https://barometr.kg/afganistanda-lpt-tojdo-muzyka-koyushkany-chn-atkylap-ketishti



Добавить комментарий