“Талибан” Афганистандын түндүгүндөгү Пули-Хумри шаарын басып алды

11 августа 2021 10:28 1218 Barometr
Поделиться в:
ok

“"Талибан" радикалдуу кыймылынын өкүлү Забиулла Муджахед Афганистандын Баглан провинциясынын борбору болгон Пули-Хумри шаарын жоочулар басып алганын билдирди”,-деп жазат "РИА Новости" булагы. Бул тууралуу аталган булакка шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Талибдер администрацияны, полициянын штабын, жергиликтүү чалгындоо кызматын жана башка мекемелерди басып алышкан. Алар шаарда калган афган армиясын сүрүп чыгууда.

Пули-Хумри Афганистандагы эң ири 10 шаардын бири болуп саналат. Ал аркылуу стратегиялык жактан маанилүү жол өтөт. Бул жол Афганистандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф өңдүү ири шаары менен Кабулду бириктирип турат.

Талибдер бир нече күндөн бери Афганистандагы жети провинцияны каратып алышты.Кечээ шейшембиде алар Фарах шаарын алышкан. Учурда Мазари-Шариф шаарында калайман кармаш жүрүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/taliban-afganistandyn-tndgndg-puli-humri-shaaryn-basyp-aldy



Добавить комментарий