Бишкекке 200гө жакын афган студенттери келди

14 октябрь 2021 10:50 3548 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Афганистандан 200гө жакын студент Борбор Азиядагы Америка университети жана Кыргызстандын өкмөтүнүн планына ылайык Кабулдан эвакуацияланды. Бул тууралуу PassBlue булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

“Азыр биздин Борбор Азиядагы Америка университетинде 300гө жакын афган студенттери бар.180дей студент акыркы 30 күндө Афганистандан адегенде унаалар жана чакан автобустар аркылуу Исламабадга, андан соң Бишкекке учак менен эвакуацияланды”,-деп айтты университеттин камкорчулар кеңешинин төрагасы Дэвид Лахдхир.

Кабулдагы аэропорттун бир бөлүгү ачылгандан кийин студенттердин дагы эки тобу Бишкекке жеткирилди.

Кабулдан студенттерди эвакуациялоо АКШ менен Кыргызстандын өкмөтүнүн консультациясы жана планы боюнча жүргүзүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekke-200g-zhakyn-afgan-studentteri-keldi



Добавить комментарий