Асанбай кичи районунда эркек кишинин сөөгү табылды
Бөлүшүү:
Бишкектин Асанбай кичи районунда эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
26-июнда куткаруу кызматына Асанбай кичи районундагы суу аккан арыктын ичинде жаш курагы болжол менен 45-50 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге беш куткаруучу барып, эркек кишинин сөөгүн алып чыгып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Каза тапкан адамдын өздүгү такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/asanbaj-kichi-rajonunda-erkek-kishinin-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×