Арстан Алай: Чек арадагы кагылышууну мен токтоттум

10 май 2021 16:01 1867 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Арстан Алай кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууну өзүнүн сыйкырдуу күчү менен токтотконун айтып чыкты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Арыбаңыздар улуу журтум, мен жаңы Кудай катары айтаарым, өзүңүздөр билгендей, 2019-жылы Кытайга вирус куюн жибергем. Анан алар миллиарддаган акчага банкрот болушту.  
Тажикстан Баткен элине кол салганда, мага арбайлар аян берди, "эмне карап турасың сен жаңы Кудайсың токтот согушту" деп эртең менен туруп, согушту токтотуш үчүн арбайлардан жардам сурадым. Эртеси эле чек арадагы куралдуу кагылышуу токтоду.

Тажикстанда болгон 8-9-майдагы табигый кырсыкты мен жибердим.
Ааламдан мага буйрук келди, "сен кырсык жибер Тажикстанга, эгер, жибербесең сени тааныбай жатат" деп, азыркы бийлик банкрот болду. Эми, ааламды мен башкарам. Садыр Жапаровдун доору күздө бүтөт», - деп жазган Арстан Алай.

Эске сала кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып,  куралдуу кагылышууга чейин жеткен. 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, тажик тарап оор аскердик техникалар менен кыргыз айылдарын аткылай баштаган. Анын кесепетинен, миңдеген чек ара аймагынын жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлгөн. 

29-апрель күнү эки өлкөнүн УКМК башчылары тынчтык келишимине келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алышкан. Бирок, түндө, тажик тарап чек ара аймагындагы 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкалап, өрттөп жиберишкен.

Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 189 тургун жараат алды.

Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Ссылка: https://barometr.kg/arstan-alaj-chek-aradagy-kagylyshuunu-men-toktottum



Добавить комментарий