Арасында кыз да бар. Бишкекте таксистке кол салып, тоноп кеткенге шектүүлөр кармалды
Бишкекте таксистти тоноого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, кылмыш 29-мартта Восток-5 кичи районунда болгон.
“Саат 01:20 чамасында үч жүргүнчү такси чакырып акыркы даректи көрсөтүшкөн. Жолду катар таксистке кардарлар кол салышкан. Алар белгисиз учтуу нерсе менен коркутуп, анын 2 уюлдук телефонун жана 25 000 сомун алып кетишкен.
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («каракчылык») менен катталган. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ менен Ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Ж.М., 1993-жылы туулган А.Н., 2000-жылы туулган М.А. кармалды.
Алар учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×