Аламүдүн районунда көлмөгө чөгүп кеткен эки эркек кишинин сөөгү табылды
Бөлүшүү:
Аламүдүн районунда көлмөгө эки эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 23-августта Чүй облусунун Аламүдүн районунда, ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 2 эркек киши (1998-жылы туулган жана 1998-жылы туулган) чөгүп кеткен.
Бүгүн, 24-августта издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылып, саат 11:50дө куткаруучулар 2 адамдын жансыз денелерин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эскерте кетсек, буга чейин ГЭС-5 айылындагы көлмөгө эки эркек киши чөгүп кетип, изделип жаткандыгы тууралуу жазганбыз.
Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-rajonunda-klmg-eki-erkek-kishi-chgp-ketti
Добавить комментарий ×