Аламүдүн районунда көлмөгө чөгүп кеткен эки эркек кишинин сөөгү табылды

24 августа 2020 15:11 789 Barometr
Поделиться в:
ok

Аламүдүн районунда көлмөгө эки эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу  КР ӨКМдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 23-августта Чүй облусунун Аламүдүн районунда, ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 2 эркек киши (1998-жылы туулган жана 1998-жылы туулган) чөгүп кеткен. 

Бүгүн, 24-августта издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылып, саат 11:50дө куткаруучулар 2 адамдын жансыз денелерин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

Эскерте кетсек, буга чейин ГЭС-5 айылындагы көлмөгө эки эркек киши чөгүп кетип, изделип жаткандыгы тууралуу жазганбыз.

 

Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-rajonunda-klmg-eki-erkek-kishi-chgp-ketti



Добавить комментарий