Кыргызстанда күчү алты баллга жеткен жер титиреди
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-май күнү саат 06:43тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
6-май күнү саат 16:50дө Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 6 балл, Көк-Суу айылында 5 балл, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Алай, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Гүлчө, Суфи-Курган, Таш-Короо, Кара-Шоро айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/alajda-eki-zholu-zher-titiredi
Добавить комментарий ×