Кыргызстанда күчү алты баллга жеткен жер титиреди

7 мая 2020 10:24 1648 Barometr
Поделиться в:
ok

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-май күнү саат 06:43тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

6-май күнү саат 16:50дө Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 6 балл, Көк-Суу айылында 5 балл, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Алай, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Гүлчө, Суфи-Курган, Таш-Короо, Кара-Шоро айылдарында жана Ош шаарында  3 баллга чейин сезилген. 

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/alajda-eki-zholu-zher-titiredi



Добавить комментарий