Акылбек Жапаров Кыргызстанда канча бай адам бар экенин айтты

27 октябрь 2021 16:33 1396 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда жергиликтүү ченем боюнча 200 миңдей бай адам бар. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Бүгүн Жогорку Кеңеште 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин долбоору каралып жатат. Жапаровдун айтымында, министрлер кабинети мамлекетти өнүктүрүүнүн саясатын так аныктады.

“Кыргызстандын чени менен алганда 200 миңдей бай үй-бүлө бар, болжол менен миллиондой адам орточо жашоодо жашайт жана 200 миң адам жакыр жашайт. Мындан ары министрлер кабинети аз камсыз болгондорго түздөн-түз көмөктөшөт. 200 миң аз камсыз болгондорду, 200 миң жетимдерди жана майыптарды камсыздайбыз. Мындай жол менен миллиондой адамды бийлик камсыздайт. Орточо жашоодогу адамдар бир башка салык, байлар башкача салык төлөйт. Биз алардын унаалары менен үйлөрүнө салыкты көбөйтөбүз. 1,2 миллион адамдын төккөн салыгынын эсебинен 200 мин адамды багабыз”,-деп айтты Жапаров.

Ал ошондой эле ишкерлерге жеңилдетилген, пайызсыз насыялар берилерин кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/akylbek-zhaparov-kyrgyzstanda-kancha-baj-adam-bar-ekenin-ajtty



Добавить комментарий