Акылбек Жапаров төраганын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

12 октября 2021 16:51 2222 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу  болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришкенин “Барометр” маалымдайт.

“Конституциянын 71-беренесине ылайык, Жапаров Акылбек Үсөнбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын - Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Марипов Улукбек Асамидинович Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/akylbek-zhaparov-traganyn-mildetin-atkaruuchu-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий