Путинди “Манас” эл аралык аэропортунан кимдер жана кандай тосуп алышты (сүрөт)

12 октябрь 2023 09:19 977 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Россиянын президенти Владимир Путинди “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапарынын алкагында Владимир Путин Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышары кабарланган. 


Ссылка: https://barometr.kg/putindi-manas-el-aralyk-aeroportunan-kimder-zhana-kandaj-tosup-alyshty-srt



Добавить комментарий