Акылбек Жапаров: 2030-жылга чейин Кыргызстан ири суммадагы тышкы карызын төлөйт

23 ноябрь 2023 17:09 1670 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2030-жылга чейин Кыргызстан ири суммадагы тышкы карызын төлөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы, президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында айткан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров ири маселе катары – тышкы карыздан четтеп кете албаарын, учурда карыз төлөөнүн эң жогорку тепкичке жеткенин билдирди. 

“2030-жылга чейин ири суммалардагы карызды төлөйбүз: 2023-ж. – 344 млн долл, 2024-ж. – 400 млн долл, 2025-ж. – 430 млн долл, 2026-ж. – 390 млн долл. Тышкы карыз боюнча мамлекеттик саясат өзгөрөт”, – деди ал. 

Акылбек Жапаров 2024-жылдын республикалык бюджеттинде бюджеттик колдоонун алкагында келүүчү насыялар жана гранттар боюнча суммалар жок экендигин, өлкө өзүнүн булактарына таянаарын кошумчалады. 

“Мамлекеттик активдердин көбөйүшү – өлкө саясатында экономиканын туруктуу болушуна түптүү негиз. 2023-жылдын 6 айында мамлекеттин активдери 712,9 млрд. сомду түздү. 2015-жылга салыштырсак, 21,4 эсеге көптүк кылат” – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбк Жапаров.

Ссылка: https://barometr.kg/akylbek-zhaparov-2030-zhylga-chejin-kyrgyzstan-iri-summadagy-tyshky-karyzyn-tljt



Добавить комментарий