Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

13 октябрь 2023 12:16 1338 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүн, 13-октябрда “Манас” эл аралык аэропортунан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Президенти Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/emomali-rahmon-kyrgyzstanga-keldi



Добавить комментарий