Афганистандын эң атактуу поп-жылдызы өлкөдөн качып кеткенин маалымдады

21 август 2021 11:50 2151 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Афганистандын эң атактуу поп-жылдызы Ариана Саид өзүнүн Instagram баракчасына сүрөтүн жарыялап, өлкөдөн качып кеткенин маалымдаганын “Барометр” билдирет.

Бир нече жылдан бери Ариана анын тышкы келбети жана музыкасы афган маданиятына дал келбейт деп коркутууларга кабылып келген.

Саид өзүнүн Instagram-аккаунтуна Афганистандан эвакуацияланган бир катар адамдар менен АКШнын аскер учагында отурганы тууралуу сүрөттү бөлүшүп, анын амандыгын тилеген күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/afganistandyn-e-ataktuu-pop-zhyldyzy-lkdn-kachyp-ketkenin-maalymdady



Добавить комментарий