Афганистандык футболчу учактын дөңгөлөгүнө жармашып кетем деп каза тапты

19 августа 2021 13:01 2162 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Афганистандын жаштар футболу курамасынын футболчусу Заки Анвари өлкөдөн кетүүгө аракет кылып жатып каза тапты. Бул тууралуу Twitter баракчасына журналист Бабак Тагвай маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

Жаш спортчу Кабулдун аба майданынан учуп жаткан C-17A аскер учагы менен кетүүгө аракеттенгендерин бири болгон.

Журналисттин айтымында, Анвари шассинин бөлүгүнө отурган, кийин анын сөөгү ошол жерден табылды.

Буга чейин социалдык тармактарда АКШнын аскер учагынын дөңгөлөгүнө жана башка деталдарына жармашып кетүүгө аракет кылгандар жана андан кулап түшүп көз жумгандар тууралуу видео жарыяланган.

Ссылка: https://barometr.kg/afganistandyk-futbolchu-uchaktyn-dglgn-zharmashyp-ketem-dep-kaza-tapty



Добавить комментарий