Талибандар өлүм жазасын киргизип жана кылмышкердин колун кесе турганын жарыялады

25 сентябрь 2021 10:23 1791 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) террористтик кыймылынын өкүлү Норуддин Тураби аталган уюм өлүм жазасын жана кылмыш үчүн адамдын колун кесип салуу жазасын киргизүүгө ниеттенип жатканын маалымдады. Бул тууралуу Business Insider булагына шилтеме клуу менен “Барометр” маалымдайт.

Тураби дүйнөнү "Талибандын" ишине кийлигишпөөгө чакырды жана өлүм жазасы эл алдында болбой турганын кошумчалады.

“Бизди стадиондогу жаза үчүн сынга алып келишет, бирок биз алардын мыйзамдары тууралуу эч нерсе деген эмеспиз. Бизге биздин мыйзамдар кандай боло турганын эч ким көрсөтмө бере албайт”,-деп айтты Тураби.

Эскерте кетсек, бийликти басып алгандан соң талибандардын бийлиги баардык эл аралык конвенцияларды кармана турганын, аялдар билим алып жана иштей ала турганын жарыялаган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/talibandar-lm-zhazasyn-kirgizip-zhana-kylmyshkerdin-kolun-kese-turganyn-zharyyalady



Добавить комментарий