Токионун метросунда сыя көк костюм кийген киши кол салып 17 адам жабыркады

1 ноября 2021 11:29 1753 Barometr
Поделиться в:
ok

Токионун метросунда эркек кишинин кол салуусунан эң аз дегенде 17 адам жабыркады. Бул тууралуу Reuters булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Агенттик берген маалыматка таянсак, кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө  Японияда Кэйо линиясынын Синдзюку багытына  бара жаткан экспрессинде болгон. Поездин вагондорунун биринде сыя көк түстүү костюм кийген адам жүргүнчүлөргө бычак менен кол салып, вагонго күйүүчү суюктукту төгүп өрттөгөн.

Жүргүнчүлөр паника болуп терезеден секирүүгө аракет кылышкан.

Полиция эркекти кармады, анын мотивдери расмий түрдө азырынча айтыла элек. Жергиликтүү ЖМКлар ал өлүм жазасына тартылгысы келгендиктен адамдары өлтүрмөкчү болгонун айтып көрсөтмө бергенин жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/tokionun-metrosunda-syya-kk-kostyum-kijgen-kishi-kol-salyp-17-adam-zhabyrkady



Добавить комментарий