Адамдын сизди өз максаты үчүн колдонуп жатканын кантип билсе болот?

25 январь 2023 08:02 3928 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башка бирөөнүн оюнунда марионетка болуп калгыңыз келбейби? Бирөөлөрдүн сизди манипуляциялап, мойнуңузга минип, өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатканын кантип түшүнсөңүз болот? Бул тууралуу белгилерди билип алууну бүгүн barometr.kg сизге психологдун кеңешине таянуу менен сунуштайт.

Биринчи кеңеш 

Биринчи кезекте эле сизди кайсы бир жагдайга күнөөлүү кылгысы келип жаткан адамдан абайлаңыз! Бул мамиледеги кылдат учур, кимдир бирөөнүн алдында өзүңүздү күнөөлүү сезсеңиз андан кечирим сурап жагдайдан чыгууга болот. Бирок сизге таарынычын айтып, же жемелеп, догурунуп жаткан адамдар болсо анда алдыңызда чыныгы манипулятор турганын билип алыңыз. Адамды башка бирөөнү күчтөп сүйдүрө же болбосо урматтата албайсыз. Ар бир иште өзүнө көңүл бурдуругусу келген адамдар сизди өз кызыкчылыгына пайдаланып кетишет.

Экинчи кеңеш

Сиз сурабаган нерсени эле жасап жаткан адамдардын кылтагынан дагы алыс болуңуз. Мындай адамдар адегенде алдап көңүлүңүздү таап, сиз үчүн жакшы нерсе жасап жаткан болот, кийин соңунда анын ордуна өтө чоң нерсе сурайт. “Кыйратам, гүлдөтөм, жашооңду бейиш кылып салам” деп алдын ала убада берген адамдардан дагы абайлаңыз. Адамдын сөзү менен иши ар дайым дал келиши керек.

Үчүнчү кеңеш

Сизден болгону апаңыз жана мугалим-устатыңыз гана бир нерсени ашыкча талап кыла алат. Алар мындай жол менен бизди жашоого тарбиялайт. Талап коюп жаткан калган адамдардын баары же сиздин эсебиңизден өзүнүн жашоосун жакшырткысы келген адамдар же болбосо сизди кемсинтип өздөрүнүн баркын көтөрүүнү каалаган адамдар.

Кеңештер болсо түшүнүктүү болду, бирок ниети жакшы адам менен манипуляторду кантип айрмаласа болот? Эң башкысы жүрөгүңүздү жана интуицияңызды угуңуз. Жакшы адамдар менен сизге ар дайым жеңил жана жагымдуу болот. Бул башкы көрсөткүч.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/adamdyn-sizdi-z-maksaty-chn-koldonup-zhatkanyn-kantip-bilse-bolot



Добавить комментарий