Чыныгы ишкер боло турган адамдардын 5 сапаты

14 август 2021 14:07 2508 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ишкер, бизнесмен же бизнесвумен адамдар өзгөчө мүнөздөргө ээ боло турганы белгилүү. Балким сиз өзүңүздүн бул мүнөздөрүңүз тууралуу байкабай, билбей жүрөсүз. Аларды дагы жакшылап өздөштүрсөңүз, мүмкүн бирөөнүн кол алдында иштегенди таштап өз ишиңизди ачып, андан ийгиликке жетишесиз. Бүгүн barometr.kg сизге мындай сапаттар менен таанышып алууну сунуштайт.

1.Ойлонуп отургандан көрө маселени чечкенди артык көрүшөт

Бизнестин өзү адамдардын маселесин чечип бериш үчүн курулат. Ишкерлер идеядан ишке тез эле өтө билген адамдар болушат.

2. Адамдарды жакшы сезе билишет

Бизнес бул-команданын иши. Ишкерлер адамдардын талаптарын түшүнө билиши керек. Ал мейли маркетингби же каржы тармагы болобу мыкты адамдарды жалдап иштетиши керек. Андан тышкары кардарларынын талаптары менен каалоолорун мыкты түшүнүшү кажет.

3. Жоопкерчиликти жана кыйын чечимдерди кабыл алганды билишет

Ишкер адамдар өздөрүнө жоопкерчилик алганды билишет. Алар  артында өздөрүнөн башка эч ким тура албасын түшүнүп, ошого жараша чечимдерди кабыл алышат.Ошондой эле тобокелге баруудан коркпойт.Белгисиздиктен тескерсинче канаат алат. Жагдайга жараша чечимдерин өзгөртө билүү дагы ишкерге таандык сапаттардын бири.

4. Башкарганды гана эмес, таасирленткенди дагы өздөштүрүшөт

Лидерлик-бул биринчи кезекте таасирлентүү жана ишеним берүү. Ишкер өзүнүн командасы үчүн үлгү жана лидер болуусу кажет. Ал өзүнүн артынан ээрчиген командасын буйрук берүү менен эмес, таасирлентүү менен башкарат

5. Маркетинг менен сатуунун жолдорун мыкты билишет

Ишкерлер кайсы товар же тейлөө кандай учурда кимге сунушталарын мыкты өздөштүргөндүктөрү менен айырмаланат. Анын көп учурда баардык иштен кабары болот.Товар же тейлөө бул жөн гана аткарылган иштин жыйынтыгы эмес, аны өзгөчө кылып сатуу дагы чоң искусство экенин ишкерлер жакшы түшүнөт.

Жогоруда саналган сапарттарын басымдуу бөлүгү сизде бар деп эсептеңиз анда жеке ишкер болууга аракет кылыңыз!  

 

Ссылка: https://barometr.kg/chynygy-ishker-bolo-turgan-adamdardyn-5-sapaty



Добавить комментарий