Адамды сүйүп калууга түрткөн 3 себеп
Эмне үчүн адамдар бири-бирини сүйүп калат? Эмне үчүн башканы эмес сизди сүйүп калат? Же болбосо тескерсинче тигил же бул адам бизге эмнеси менен жагып калды? Бүгүн адамды сүйүүгө түртө турган үч себеп тууралуу barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен маалымдайт.
“Гормоналдык жактыруу”
Бул адамды сүйүп калууга түртө турган эң биринчи себеп. Адамдагы баардык процесстер гормондорго байланышуу экени белгилүү. Гормондор туура келе турган адамды көргөндө ал башкача иштелип чыгат жана жашоо жомоктогудай болуп калчудай ал адамга умтулуу башталат.
Дүйнө таанымы окшошкондо
Эки адам үчүн сүйүүнү пайда кыла турган маанилүү бөлүк-бул дүйнө таанымдын, көз караштардын бирдей болушу. Мисалы, сиз менен бир адам сүйлөшүп жатат дейли. Сүйүп калайын деген оюу да, планы да жок. Бирок сиздин кызыкчылыктарыңыз менен көз караштарыңыз тууралуу билет. Анан аны менен көз караштарыңыз абдан окшош экенин түшүнөт. Мындай жол менен адам сизди көп массанын арасынан бөлүп карай баштайт. Сизге көбүрөөк кызыга баштайт. Ошентип билинбей сүйүп калат.
Көп убакыт чогуу жүргөндө, тааныш болгондо
Сүйүп калууга кеңири тараган себептердин бири бул бир адам менен көп учурда чогуу жүрүү,достошуу, бирге пикирлеш болууда дагы сезимдерди пайда кылат. Бул балким ондогон жыл болсо дагы акыры сүйүү сезими пайда болот.
Айрыкча аял эркектин достугу көпкө узабай сүйүүгө өтөт. Адам карама-каршы жыныстагы адам менен көпкө чейин дос болсо, чогуу иштешсе жана ал учурда анын айланасында андан башка ылайыктуу жакын адам болбосо, өзү жалгыз бой болсо, ошол адам ага көбүрөөк жагымдуу көрүнө баштайт жана жактыруу сезимдери келип чыгат.
Ссылка: https://barometr.kg/adamdy-sjp-kaluuga-trtkn-3-sebep
Добавить комментарий ×