Жашоо энергиясы кайсы учурда төмөндөйт?
Адам кээде чарчап-чаалыгып күчү жок жүргөн учурлар болот. Мындай убакыт узакка эле созулуп кетсе начар маанайга, жакындары менен карьеранын бузулушуна алып келет. Жашоонун энергиясын төмөндөтө турган психологиялык себептер бар. Аларга көз жүгүртүүнү бүгүн barometr.kg сунуштайт.
1. Аз кыймылдоо. Апталар бою кыймылы аз жумушта иштегендердин организминде күч-кубаты жоголот.
2. Акыл эмгегин же күч эмгегин көп колдонуу.Адамдын акыл эмгеги менен күч эмгеги бирдей болуп туруусу керек. Кайсы бирин ашыкча иштеткенде тең салмак бузулат жана бул күч-кубаттын алсырашына алып келет.
3. Дайыма стресс абалында болуу.Чатактар, белгисиздик, кысымга алынуу, күч келүү менен иштөө мунун баары адамга катуу стрессти жана анын кесепетинен келип чыккан чарчап чаалыгууну алып келмекчи.
4. Ашыкча эле тамактануу. Адам чарчаган учурда көп тамак жегиси келет бирок ошол эле учурда сиңирүү үчүн дагы көп кубатын жоготот.
5. Адам аптасына бир ирет болсо дагы достору, жакындары, тааныштары менен отуруп баарлашып, көрүшүп турушу керек.Бул адамга күч-кубат берет. Ал эми социалдык изоляцияда болуу адамдын жашоо энергиясын төмөндөтөт.Эске ала турган жагдай үй-бүлө жана жумуштагы кесиптештер менен гана эмес ар түрдүү адамдар менен бааралашуу жана көрүшүп туруу адамга көп мотивация берет.
Жашоо энергиясын калыбына келтирип турбаганда адамда апатия, жашоого көңүл коштук келип чыгат.Ошондуктан дайыма аны толтуруп турууга, эс алуу менен эмгекти жана активдүүлүктү бирдей айкалыштырууга аракет жасаңыз.
Ссылка: https://barometr.kg/zhashoo-energiyasy-kajsy-uchurda-tmndjt
Добавить комментарий ×