Күмөндөр Абылов: "Гүлсайра Момунованын ырлары композиторлор үчүн чети оюла элек кенч эле"

12 август 2020 17:31 2191 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Сиздин ырлар обончу, композиторлор үчүн али "Чети оюла элек кенч", - дейт театр жана кино артисти, обончу Күмөндөр Абылов. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Таланттуу акын Гүлсайра Момунованын ырына обончу Күмөндөр Абылов обон чыгарып, бирок таланттуу акын аны укпай кеткенин айтты.

“Эжеке! Жазында, карантиндин алдында, Кутмырза Жакыбалиев инимдин автордук кечесинде бирге болуп, бир ырыңызды окуп бергениңизде, мен аябай толкунданып "Ушул ырыңызга обон жазам!" - десем, кече бүткөн соң, Жедигер экөөбүздү үйүңүзгө ээрчитип барып, барпалактап болгон ашыңызды жайнатып, "Жүрөктө жүргөн сүйүү бар" деген китебиңизди бердиңиз эле! Ырыңызга обон чыгарып, өзүңүзгө уктурайын деп, эки жума мурун эле телефон чалсам, өчүк болгонунан Жедигерден сурасам:
- А киши шаарда эмес окшойт, жайлоолорго кетип калчу эле? - деп, экөөбүз макулдашып:
- Буюрса, мына бул жаман оорудан арылсак, сизге чогуу барып уктуруп, жакшы ырдаган ырчыга ырдатып, майлатабыз, майлайбыз! - деп жатпадык беле?
Аттиң ай! Кандай гана өкүнүчтүү! Обон чыккан жаңы ырыңызды укпасаңыз да, ден соолукта аман-эсен маңдайыбызда болсоңуз болбойт беле?! Бир эсептен, угуп калсаңыз да эмне?
Бирок, сиз бул дүйнөдөн кетсеңиз да, эмгектериңиз, сиз жазып калтырып кеткен ырларыңыз кыргыз элине кылымдап кызмат кылат, эжеке! Сиздин ырлар обончу, композиторлор үчүн али: "Чети оюла элек кенч" экенин билебиз. Жаныңыз жаннатта, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз майлуу болсун. Кошуңуз алтын эжекем!”, - деп жазган Абылов.

Белгилей кетсек, Кыргыз эл акыны Гүльсайра Момунова 83 жаш курагында каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/abylov-sizdin-yrlar-obonchu-kompozitorlor-chn-ali-cheti-oyula-elek-kench



Добавить комментарий