Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова көз жумду

12 августа 2020 17:02 2274 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын эл акыны Гүлсайра Момунова каза болду. Бул тууралуу маркумдун жакындарына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык, 83 жаштагы акын узакка созулган оорудан улам каза болду.

Акын Гүлсайра Момунова 1937-жылы 30-декабрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн.

1955-жылы 30-декабрда Талас шаарында орто мектепти, 1960-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун бүтүргөн.

1961–1969-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973–1993-жж. «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орунбасары, 1993-жылдан республикалык маанидеги персоналдык пенсияда.

Биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык кыргыз тилиндеги жыйнактардын, эки орус тилине которулган жыйнактардын автору, бир топ жамааттык котормолордун авторлошу.

И. Жакановдун «Возвращенная песня» повестин кыргыз тилине которгон (1973). Очерктери, публицистикалык макалалары басылмаларга жарыяланып келет. Кээ бир ырларына музыка жазылган. 1996-жылы Түркияда өткөн ата мекенди даңктоо ырларынын эл аралык конкурсунда «Боз үй» поэмасы «Куттуу апта» медалын жеңип алган.

1971-жылдан Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.
Кыргыз ССРинин Жогорку советинин ардак грамотасы менен сыйланган.

1987-жылдан «КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган. 2001-жылы «Эр Манас урпагы» медалы менен сыйланган, 2003-жылы «Түгөлбай Ата» адабий сыйлыгынын лауреаты болду. 2011-жылы КРнын эл акыны наамын алган.

“Барометрдин” жалпы жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-el-akyny-glsajra-momunova-kz-zhumdu



Добавить комментарий