30-марттан тарта Талас облусуна эч ким киргизилбейт жана чыгарылбайт

30 март 2020 19:04 1106 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас облусу коопсуздук чараларын күчөттү. Ага ылайык, 30-марттан тарта Талас облусуна эч ким киргизилбейт жана чыгарылбайт турган болду. 

Өкмөттүн  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин айтымына караганда Талас районунун Талдыбулак айылына орнотулган  пост жабылды. Облуска сырттан  бир гана Талас облусунда жашаган жарандар текшерүү иш чараларын жүргүзгөндөн кийин киргизилет.

Ыйгарым укуктуу өкүл мындай  чечим  коронавирусту алдын алуу  жана элдин суроо-талабын  аткаруу, ошондой эле телеграм каналынан  атайын топ түзүп Бишкек  шаарына каттап жаткан   айдоочуларын  иш аракеттерине бөгөт коюу максатында  кабыл алынганын айтты.

Облус башчысы бул  чектөөлөр, азык-түлүк,  гуманитардык жардам алып келе жаткандарга жайылтылбайт экенин  белгиледи.

Эске салсак, акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда 94 кишиден коронавирус табылган. Вирус бир гана Талас облусу менен Ысык-Көл облусунан табылган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/30-marttan-tarta-talas-oblusuna-ech-kim-kirgizilbejt-zhana-chygarylbajt



Добавить комментарий