Кыргызстандагы коронавирус: оору жуккандардын 53ү аялдар, 41и эркектер

30 марта 2020 14:30 1318 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда 30-мартка карата жаңы 10 учур катталып, жалпы оору жуккандардын саны 94кө жетти.

Республикалык штабдан кабарлашкандай, жаңы учурлардын бардыгы Сузак районунан табылган.

94 учурдан аймактарга бөлүнүшү төмөнкүдөй:

Жалал-Абад облусунда – 50, Ош облусунда – 24, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Ош шаарында – 8, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 1 учур.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 53ү аялдар болсо, 41ү эркектер.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-ooru-zhukkandardyn-53-ayaldar-41i-erkekter



Добавить комментарий