Коронавирус: Кыргызстанда оору жуккандардын саны 94кө жетти
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 30-мартка карата коронавирус жуккан жаңы 10 учур аныкталды. Алардын бардыгы Жалал-Абад облусунда табылган.
Ошентип Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 94 кишиге жетти.
Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус менен күрөшүү үчүн мамлекеттин күчү жете турганын, ал үчүн дарыгерлердин бардык кеңештерин жана эрежелерди сактоо керектигин айтты.
Ал ошондой эле, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген аймактарда кишилер ээн-эркин басып-туруп жүргөнүн белгиледи. Бул өз кезегинде вирустун жайылышына негиз болуп жатат. Бардык тыюу салуулар сакталышы керектигин Боронов баса белгиледи.
“Биз мурдагыдай ээн-эркин басып, каалаган жерлерге барып жашай албайбыз. Азыр социалдык изоляция менен үй карантини абдан маанилүү”, — деди ал.
Боронов учурда калктын аярлуу катмарына жардам бериле турганын айтып, тамак-аштар таратыларын кошумчалады.
“Өкмөт антикризистик план иштеп чыкты. Медициналык кызматкерлер бардык керектүү нерселер менен камсыздалып, кошумча каражат төлөнүп берилет. Аны менен катар транспорт, тамак-аш, атайын кийимдер жана жеке коргоочу каражаттар менен камсыз болот. Азыр дары-дармек менен тест системалары жетиштүү”, — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-kyrgyzstanda-ooru-zhukkandardyn-sany-94k-zhetti
Добавить комментарий ×