19-20-августта Ысык-Көлдө жолдор убактылуу жабылып турат

19 август 2021 10:17 1256 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл областынын аймагында 19-20-августта жолдун айрым участоктору убактылуу жабылып турат.Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Тамчы айылынан Бостери айылына чейин жана Чолпон-Ата шаарында жолдун айрым бөлүктөрү кыска мөөнөттө жабылып турат.

Бул күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны болот жана ага Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышат.

Ссылка: https://barometr.kg/19-20-avgustta-ysyk-kld-zholdor-ubaktyluu-zhabylyp-turat



Добавить комментарий