Чолпон-Атада көк бөрү боюнча президенттин кубогу старт алды

4 ноябрь 2020 10:01 900 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чолпон-Атада көк бөрү бонча Кыргызстандын баардык жеринен келген командалар бетттешет. Бул тууралуу Жаштар иштери жана дене тарбия, спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 3-ноябрда Чолпон-Ата шаарынын (Ысык-Көл облусу) ат майданында өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча президентинин кубогу старт алды.

Жогорку лигада 6 команда, биринчи лигада 12 команда катышып жатат. Ар бир лиганын ичинде командалар 3 командадан турган тайпаларга бөлүнгөн. Чучукулактын жыйынтыгы боюнча тайпалар төмөндөгүдөй түзүлдү:

Жогорку лига:

А тайпасы: Ынтымак, Ат-Башы, Сары-Өзөн;

B тайпасы: Достук, Жаш-Күч, Кара-Буура.

Биринчи лига:

А тайпасы: Жети-Өгүз, Төш-Булак, Ала-Тоо;

В тайпасы: Сокулук, Четинди, Келечек;

С тайпасы: Ай-Тамга, Мурас, Тору-Айгыр;

D тайпасы: Жумгал, Суусамыр, Көк-Жар

3-ноябрда  биринчи лиганын командалары арасында алгачкы беттештер өттү. Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыктары :

Биринчи лиганын командалары:

Жети-Өгүз 5:0 Төш-Булак;

Сокулук 9:0 Четинди;

Ай-Тамга 2:5 Мурас;

«Саяк» Жумгал 4:3 Суусамыр Байтур

Ссылка: https://barometr.kg/cholpon-atada-prezidenttin-kk-br-boyuncha-kubogu-start-aldy



Добавить комментарий