Чолпон-Атадагы салбуурун боюнча финалдык беттештеги жеңүүчүлөрдүн тизмеси

22 март 2021 11:12 3270 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көлдө Нооруз майрамга арналган салбуурунга 6 облустан 125 катышуучу катышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамдекеттик агенттигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Кечээ, 21-март күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) «Нооруз» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында салбуурун боюнча финалдык беттештер өттү. 

Мелдештерге Баткенден тышкары 6 облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 125 катышуучу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орун ээлеринин тизмеси:

Тайган жарыш:

1-орун – Изабеков Алтынбек, Жалал Абад облусу, байге – 6 000 сом;

2-орун – Сооронбаев Талгат, Талас облусу, байге – 4 500 сом;

3-орун – Облусбеков Арсланбек, Талас облусу, байге – 3 500 сом.

Куш салуу:

1-орун – Кубатов Абдурасул, Ош облусу, байге – 6 000 сом;

2-орун – Тынчтык уулу Абдулла, Талас облусу, байге – 4 500 сом;

3-орун – Турат уулу Алтай, Талас облусу, байге – 3 500 сом.

Бүркүт салуу:

1-орун – Мукаев Нурсултан, Ысык-Көл облусу, байге – 6 000 сом;

2-орун – Айбек уулу Азамат, Ысык-Көл облусу, байге – 4 500 сом;

3-орун – Айбек уулу Салават, Ысык-Көл облусу, байге – 3 500 сом.

Ителгиге далба ойнотуу:

1-орун – Жекшенби уулу Арзыбек, Ысык-Көл облусу, байге  – 6 000 сом;

2-орун – Абдыкадыров Түгөлбай, Ысык-Көл облусу, байге –4 500 сом;

3-орун – Жумалиев Уран, Ысык-Көл облусу, байге – 3 500 сом.

Жаа атуу:

Эркектер арасында:

1-орун – Мурадил уулу Ынтымак, Талас облусу,  байге – 6 000 сом;

2-орун – Ногойбаев Рустам, Бишкек шаары, байге – 4 500 сом;

3-орун – Бакыт Токтоматов,  город Бишкек, байге – 3 500 сом.

Аялдар арасында:

1-орун – Садырова Асел, Бишкек шаары, байге – 6 000 сом;

2-орун – Загорулько Оксана, Бишкек шаары, байге – 4 500 сом;

3-орун – Торогельдиева Седеп,  Чүй облусу, байге – 3 500 сом.

Ат үстүндө жаа атуу:

1-орун – Көлбаев Нурсултан, Ысык-Көл облусу,  байге – 7 000 сом;

2-орун – Айбек уулу Салават, Ысык-Көл облусу,  байге – 5 000 сом;

3-орун – Шейшенбаев Бактыбек, Ысык-Көл облусу,  байге – 4 000 сом.

Мындан тышкары, жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлери Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын атынан дипломдор, медалдар менен сыйланышты.

Ссылка: https://barometr.kg/cholpon-atada-salbuurun-boyuncha-finaldyk-betteshter-tt



Добавить комментарий