Садыр Жапаров Ысык-Көл областына барат

19 августа 2021 09:45 1590 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Садыр Жапаров 19-21-августта жумушчу сапар менен Ысык-Көл областына барат.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Жапаров  Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин эл аралык жыйынына катышат.

Мындан соң президент Ысык-Көл областында жумушчу сапар менен болуп, өлкөнүн 30 жылдык көз карандысыздык күнүнө арналган иш-чараларга катышып, өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышат.

Эскерте кетсек, 19-20-августта Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны болот.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sadyr-zhaparov-ysyk-kl-oblastyna-barat



Добавить комментарий