3-ноябрда Чолпон-Атада көк бөрү боюнча президенттин кубогу башталат

2 ноябрь 2020 14:36 1153 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чолпон-Атада көк бөрү боюнча президенттин кубогу башталат. Бул тууралуу Жаштар иштери, денетарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине таянып "Барометр" билдирет.

Эртең, 3-ноябрда, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) көк бөрү боюнча президентинин кубогу старт алат.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт. Мелдештерди КТРК Спорт телеканалынын түз эфиринен көрсөңүздөр болот.
Белгилей кетсек, Кубоктун алкагында ат чабыш, эр эңиш, салбуруун боюнча мелдештер өтөт.

Мелдештердин программасы:
3-7-ноябрь – көк бөрү боюнча алдын-ала беттешүүлөр;
7-ноябрь – көк бөрү боюнча 3-орун үчүн мелдеш, эр эңиш, салбуурун боюнча мелдештер;
8-ноябрь – көк бөрү боюнча финалдык мелдештер, эр эңиш, салбуурун, ат чабыш боюнча мелдештер

Ссылка: https://barometr.kg/ktrk-sport-kk-br-boyuncha-prezidentinin-kubogunun-bardyk-betteshterin-krstt



Добавить комментарий