Япониянын премьер-министринин ден соолугу кескин начарлады
Бөлүшүү:
Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэнин ден соолугу акыркы аптада кескин начарлаган. Ага байланыштуу отставкага кетип жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, премьер-министр мындай чечимди саламаттыгына байланыштуу кабыл алган.
Синдзо Абэ жон ичегесинин сезгенүүсү менен жабыркап келет. 2007-жылы дал ушул оорунун айынан өкмөт башчы кызматын таштоого мажбур болгон. Ал эми саламаттыгы жакшыргандан кийин, тагыраагы 2012-жылы премьер-министр болуп кайра шайланган.
Акыркы текшерүүлөрдө анын өнөкөт оорусу күчөгөндүгү, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы айтылган.
Добавить комментарий ×