Кыштын кыраан чилдесинде Ат-Башынын эли митингге чыкты – видео
Бүгүн Ат-Башы районунун борборунда 50дөй киши курула турчу логистикалык борборго каршы экенин айтышып тынчтык митингине чогулушту.
Алар логистикалык борбор курула турган болсо ал жактан тонналаган таштанды, саркынды суулар чыгарын айтып, “алардын бары кайта кетет?”, “экологияга терс таасирин тийгизет” деп тынчсызданып жатканын айтышты.
Айрымдары учурда “Кытайды каптап жаткан оору Кыргызстанга дагы келбейт деп ким кепилдик бере алат?” деп аткаминерлерге суроо берди.
Чогулгандардын басымдуу бөлүгү логистикалык борбор салынбасын, каршыбыз деген талаптарын айтышууда.
Аталган логистикалык борборду сала тургандардын бири, ишкер Эмил Абдыкадыров курулуш башталса 95 пайыз жергиликтүү эл иштей турганын айткан. Андан сырткары таштанды жана саркынды сууларды калдыгы жок иштетип, жок кыла турчу заманбап курулуштар болорун айтып, экологиялык маселе биринчи орунда турарын билдирген болчу.
Ал ошондой эле, логистикалык борбордо бир гана кытайлык компаниялар болбостугун, бул жерге Европанын, Япониянын компаниялары да келип, өз продукцияларын чыгара турганын айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/-bashynyn-eli-logistikalyk-borbordun-kurulushuna-karshy-mitingge-chykty-video
Добавить комментарий ×