Кыштын кыраан чилдесинде Ат-Башынын эли митингге чыкты – видео

28 января 2020 12:13 8125 17 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Ат-Башы районунун борборунда 50дөй киши курула турчу логистикалык борборго каршы экенин айтышып тынчтык митингине чогулушту.

Алар логистикалык борбор курула турган болсо ал жактан тонналаган таштанды, саркынды суулар чыгарын айтып, “алардын бары кайта кетет?”, “экологияга терс таасирин тийгизет” деп тынчсызданып жатканын айтышты.


Айрымдары учурда “Кытайды каптап жаткан оору Кыргызстанга дагы келбейт деп ким кепилдик бере алат?” деп аткаминерлерге суроо берди.

Чогулгандардын басымдуу бөлүгү логистикалык борбор салынбасын, каршыбыз деген талаптарын айтышууда.

Аталган логистикалык борборду сала тургандардын бири, ишкер Эмил Абдыкадыров курулуш башталса 95 пайыз жергиликтүү эл иштей турганын айткан. Андан сырткары таштанды жана саркынды сууларды калдыгы жок иштетип, жок кыла турчу заманбап курулуштар болорун айтып, экологиялык маселе биринчи орунда турарын билдирген болчу.

Ал ошондой эле, логистикалык борбордо бир гана кытайлык компаниялар болбостугун, бул жерге Европанын, Япониянын компаниялары да келип, өз продукцияларын чыгара турганын айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/-bashynyn-eli-logistikalyk-borbordun-kurulushuna-karshy-mitingge-chykty-video



Добавить комментарий

  • Женишбек 5 лет назад
    Каяктагы элүү адам антип калп айтпагыла да толтура эл жүрбөйбү
  • Гуланда 5 лет назад
    Тынч жашап жаткан элди козгобогула.Ак уйдон Ат башы 1 тыйын да сурабай оокат кылышат.Баарынар эле билесинер да кытай эли бир кирсе чыкпайт экенин.Кайсы президент болбосун Ат башынын жерин сатканга эле даяр.
  • Ал Ат башылыктардын жеке менчиги эмес, жалаң бекерпос жатып ичерлер чыкты бул митингге. Чагымчылар. Логистикалык борбор курулуш керек. Тиги чагымчыларлы Кытайга киргизип, чыгарбай коюу керек.
    • Тынчтык 5 лет назад
      Ал жер Ат-Башылыктардын менчиги болбогондо анда кимдики айтчы? Чагымчылыкты озун баштап жатасын. Кытайга озунду айдаш керек ошончо кытай келгенин каалап жатсан.
      • Молодцы ат башынын элине 🏅 эмес орден бериш керек. Эли жери учун суука, мал жанына карабаи чыгышканына чоон Рахмат. Биз колдоибуз
    • Салтанат 5 лет назад
      Ал жерге курулган болсо да,кытай инвесторлору курбашы керек,Чагымчыл,жатып ичерлер эмес,эл -жер деп куйгон патриоттор чыкты.Жатып ичерлер ким?Алар жерин сатып болсо да акча жасагандар
    • Ат башынын жери болбогондо сенин жеринби уйундо отура берип аргасыны суйлой бербей отур элге аралашбай
  • Бердибек 5 лет назад
    Башында баары ушинтип айтышат
  • Ооба туура чыгышыптыр оздорун озу коргобосо ким коргойт
  • Заводдор салыныш керек.биз дагы өнүгүшүбүз керек.калп эле чалапатриот боло берген болбойт.кайта эле өзүңөр иштейсиңер.экономикаңар өнүгөт.паниканы токтоткула.
    • Финансист Жапаров Атбашы Эли ойлой албаганды ачык эле Жогорку кенештеКытайдын инвесторлору башка элдерге эмне куруп ээлеп алганын айткан акчасын толой албаганды ошол акчаны эсебинен деп алып алышкан экен.Биздин элди биринчи карыздан куткаргыла анан салдыргыла.Кыргыз Эли Бут малым кошсо алына жараша карыздан кутулабыз.Кошунандан Бир нерсе алсан Аны убагында бербесен ал кошунана деле коз каранды болуп турасын да .
    • Ат-Башылыктар азаматсыздар биз колдойбуз сиздерди.Анан айта кетчу нерсе макул завод дагы башка нерселерин курдурушсун бирок кытайларга эмес башка олколор менен деле контракт тузушсо болот беле же такыр эле кытайдан башка олколор жокбу.
    • Салыныш керек жонеле чарылдай бересинерби барибир салынат жумуш менен камсыз болобус биске не силер тапересинерби жумуш
  • Ее кереги ошол кытайлардын андан коро мусулмандар салсын ошол борборду аларын дагы бир ооруну пайда кылат бул жактан итак озубус аспыз мен каршымын тетиги сокени кетириш керек андан коро
  • Элди алдай башташты булар бир балее кылышкан улам саткын келжиректерди жиберип элдин башын айлантып.мурда бул депутат сөрөйлөр кайда эле элдин картошкасы өтпөй жатканда.кайсы беттери менен келишти эмне болоорун билиптуруп.твари.
  • 50 киши деп каратып туруп калп айтканын, кытайдан башка инвестор табышсын.
  • Жолдошбек 5 лет назад
    Каршымын бизке кереги жок