Ат-Башыдагы митингге 4 миңге чейин киши чогулуп, бийликке катуу талап коюлду

17 февраль 2020 15:32 4249 4 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Логистилкалык борбордун курулушуна каршы митингге чыккан Ат-Башы районунун тургундары бир нече пункттан турган резолюция кабыл алды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-февралда Ат-Башы районунун борборунда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өттү. Ага болжол менен 3 миңден 4,5 миңге чейин киши катышты.

Чогулган эл бир нече талаптарды коюп, эгер алар эки жуманын ичинде аткарылбаса реалдуу кадамдарга барарын эскертишти.

Коюлган талаптар:

  • Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн 200 гектер жерин Нарын эркин экономикалык аймакка берүү токтому жокко чыгарылсын;
  • Ат-Башы районунун аймагында болуучу ушул сыяктуу иштер элдин жыйынында чечилсин;
  • Эл менен эсептешпей өзүм билемдик менен буйрук чыгарган Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысына катуу эскертүү берилсин;
  • Элдин алдында чыгып сүйлөгөн атуулдарга укук коргоо органдары тарабынан коркутуу-үркүтүү токтотулсун. Алардын иштеген аялдарын, баларын куугунтуктоо токтотулсун.

Эгер коюлган талаптар 1-мартка чейин эки жуманын ичинде аткарылбаса реалдуу кадамдарга барары айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/-bashydagy-mitingge-4-mige-chejin-kishi-chogulup-bijlikke-katuu-talap-koyuldu



Добавить комментарий