Ат-Башыдагы митингге 4 миңге чейин киши чогулуп, бийликке катуу талап коюлду
Поделиться в:
Логистилкалык борбордун курулушуна каршы митингге чыккан Ат-Башы районунун тургундары бир нече пункттан турган резолюция кабыл алды.
Белгилей кетсек, бүгүн, 17-февралда Ат-Башы районунун борборунда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өттү. Ага болжол менен 3 миңден 4,5 миңге чейин киши катышты.
Чогулган эл бир нече талаптарды коюп, эгер алар эки жуманын ичинде аткарылбаса реалдуу кадамдарга барарын эскертишти.
Коюлган талаптар:
- Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн 200 гектер жерин Нарын эркин экономикалык аймакка берүү токтому жокко чыгарылсын;
- Ат-Башы районунун аймагында болуучу ушул сыяктуу иштер элдин жыйынында чечилсин;
- Эл менен эсептешпей өзүм билемдик менен буйрук чыгарган Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысына катуу эскертүү берилсин;
- Элдин алдында чыгып сүйлөгөн атуулдарга укук коргоо органдары тарабынан коркутуу-үркүтүү токтотулсун. Алардын иштеген аялдарын, баларын куугунтуктоо токтотулсун.
Эгер коюлган талаптар 1-мартка чейин эки жуманын ичинде аткарылбаса реалдуу кадамдарга барары айтылды.
Ссылка: https://barometr.kg/-bashydagy-mitingge-4-mige-chejin-kishi-chogulup-bijlikke-katuu-talap-koyuldu
Добавить комментарий ×