Кара-Буурада суудан өтө албай 30дай унаа топтолуп калган
Поделиться в:
Талас областынын Кара-Буура районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, кечээ, 21-июлда саат 15:00дөр чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесептинен Шилбили дайрасы жээктен ашып, Кара-Буура-Чаткал унаа жолунун 15 чакырымын, ошондой эле унаалар өтө турган көпүрөнү агызып кеткен.
Жол эки тараптан тең жабылып, андан 25-30дай унаа өтө албай калган. Жабыркагандар жок.
Учурда табият кырсыгы болгон жерде куткаруучулар иш алып барууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-buurada-suudan-t-albaj-30daj-unaa-toptolup-kalgan
Добавить комментарий ×