Депутат шайлайбыз деп Кыргызстандын барын кырып албайлы?
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жалпы жыйында жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоолор боюнча боршайком аны токтотуу, же добуш берүүнүн түрүн өзгөртүү боюнча сунушун айтышы керектигин билдирди.
“Шайлоону токтотобузбу, же электрондук шайлоо кылабызбы Боршайком өзүнүн сунушун берсе. БШК өзүнүн отурумунда чечим кабыл алсын. Бул чатак нерсе, депутат шайлайбыз деп Кыргызстандын барын кырып албайлы?” — деп эл өкүлү суроо салды.
Белгилей кетсек, 12-апрелде Кыргызстан боюнча бир катар жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Анын ичинде беш шаарда шайлоо болуп, жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланат. Ага 22 партия ат салышууда. 14-марттан тарта үгүт иштери башталды. Ал бир ай жүрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-shajlajbyz-dep-kyrgyzstandyn-baryn-kyryp-albajly
Добавить комментарий ×