Шаардык кеңештерге болчу шайлоонун үгүт иштери башталды

14 марта 2020 10:51 567 Barometr
Поделиться в:
ok

Шаардык кеңештерге катыша турчу саясий партияларды каттоо аяктаганын Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, шайлоо Ош, Майлуу-Суу, Токмок, Балыкчы жана Каракол шаардык кеңештерине шайлоо өтөт.

Ош шаардык кеңешче болчу шайлоого катышуу ниетин 9 партия билдирген. Алар: «Биримдик», "Мекеним Кыргызстан", "Бирик", "Бир-Бол", "Улуу-Журт", "КЛДП", "Кыргызстан", "Эмгек", "Өнүгүү-Прогресс".

Ош шаардык кеңеште 45 мандат бар. Катталган талапкерлердин саны 710. Алардын 239у аялдар.

Балыкчы шаардык кеңкешке 11 партия катышат. "Биримдик", "Улуу-Журт", "Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Журт", "Табылга", "Замандаш", "Социал-Демократтар","Мекеним Кыргызстан", "Мекен-Ынтымагы", "Эмгек" жана "Кыргызстан".

Балыкчы шаардык кеңешинде 31 мандат бар. Жалпы катталган талапкерлердин саны 518, алардын 213ү аялдар.

Каракол шаардык кеңешке болчу шайлоого 14 партия катышат. "Кыргызстандын жашылдар партиясы", "Өнүгүү-Прогресс", "Мекен Ынтымагы", "Ак Шумкар", "Улуу Кыргызстан", "КЛДП", "Биримдик", "Кыргызстан", "Замандаш", "Табылга", "Бирик", "Мекеним Кыргызстан", "Улуу Журт", "Республика".

Каракол шаардык кеңешинде 31 мандат бар. Жалпы катталган талапкерлер 702 киши. Алардын 321и аялдар.

Токмок шаардык кеңешинин шайлоосуна 9 партия катышат. "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Эмгек", "Политическая партия Ветеранов войны в Афганистане и Участников других локальных боевых конфликтов", "КЛДП", "Өнүгүү Прогресс", "Ата-Мекен", "Эл биримдиги", "Кыргызстан".

Токмок шаардык кеңешинде 31 мандат бар. Талапкер катары 491 киши катталса, анын 188и аялдар.

Майлуу-Суудагы шайлоого 7 партия катышат. "Мекеним Кыргызстан", "Ата-Мекен", "Замандаш", "Элмурас", "Кыргызстан", "Биримдик", "Өнүгүү-Прогресс".

Майлуу-Суу шаардык кеңешинде 31 мандат болсо, ага талапкер катары 582 киши катталган, анын 212си аялдар.

Шаардык кеңештерге шайлоо 12-апрелде өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/shaardyk-keeshterge-bolchu-shajloonun-gt-ishteri-bashtaldy



Добавить комментарий