Кыргызстандын бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өтүп жатат

20 октября 2025 11:05 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 20-октябрда, өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Бишкек шаарында үч аралыктан добуш берүү тилкеси ачылган: Дордой базарында (Алкан базары), Азия Моллдо жана Дордой Плазада.

"Шайлоо процессинин бардык катышуучуларын тесттик добуш берүүдөн өтүүгө чакырабыз - сиз каалаган тилкеге келип, жаңы системаны жеке өзүңүз сынап көрө аласыз", - деп айтылат маалыматта.

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөбүздүн шайлоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, активдүү жарандык позициясы жана катышуусу үчүн бардыгына терең ыраазычылык билдирет.

Эске салсак, тесттик аралыктан добуш берүүнүн биринчи этабы үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында өткөн, ал эми кийинкиси 30-октябрда өткөрүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-bardyk-shajloo-tilkelerinde-testtik-dobush-ber-tp-zhatat



Добавить комментарий